Жаңылыктар

09.12.2024 18:08

   Кароолор: 131

ЧҮЙДӨ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТОО БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШИ ЖҮРГҮЗЛҮДҮ

Чүй облусунун Кемин районунда, Кара-Балта шаарында жана Москва районунун Беловодск айылында күз-кыш мезгилине карата өрт коопсуздугун сактоо жана турак жайларды камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

ӨКМдин Кара-Балта шаардык жана Жайыл райондук, Москва жана Кемин району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү тарабынан уюштурулган иш-чарада тургундарга мештерди тазалоо, электр жылыткычтарын жана жабдыктарын туура пайдалануу боюнча маалыматтар берилди.

Ошондой эле табигый жана техногендик кырсыктардан жана өрттөн коргоо үчүн турак жайларды камсыздандыруунун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу