Жаңылыктар

07.12.2024 11:06

   Кароолор: 229

ЧҮЙдө ӨКМ АДИСТЕРИ МУКТАЖДАРГА СОЦИАЛДЫК КОЛДОО КӨРСӨТҮШТҮ

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо максатында уюштурулган “Биз биргебиз!” аталышындагы кайрымдуулук иш-чара өлкөнүн бардык аймактарында өтүүдө.

Аталган иш-чаранын алкагында ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөргө 20 миң сомдук акчалай жардам көрсөтүштү.

Чүй району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү өз аймактарында жашаган майыптыгы бар адамдарга кышка жылуу тон таратып берди. Ошондой эле Искра айылында жайгашкан психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине акчалай жардам көрсөтүлдү.

Панфилов районунда куткаруучулар мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмгө атайын белек-бечкектерди алып барып, анын ата-энесине акчалай жардам беришти.

Аламүдүн райондук бөлүмүнүн кызматкерлери Ленин айылында жашаган эки карыяга материалдык жардам көрсөтүштү.

Бул иш-чара мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жана балдардын социалдык абалына көңүл буруп, аларды колдоо максатын көздөйт.

КР ӨК ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу