Жаңылыктар
01.04.2024 11:32
Кароолор: 672
ЧҮЙДӨ МАЙ КУЮУЧУ СТАНЦИЯДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
Өткөн аптада ӨКМДин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан “Роснефть” май куюучу станциясында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Атайы түзүлгөн сценарийге ылайык, май куюучу станциянын аймагында жеңил авто унаадан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө атайын 2 күжүрмөн эсеп тартылып, цистернада күйүүчү май болгондуктан өрт өчүрүүчү техникалардын жардамы жеңил унааны өрттөн сактап калышты.
Тилсиз жоону өз убагында өчүрүүгө жетишкен өрт өчүрүүчүлөрдүн иш аракеттерине баа берилип, машыгуунун жыйынтыгы чыгарылды.
Мындай өңүттөгү машыгуулар квартал сайын өткөрүлүп келет. Башкы максат өрт өчүрүүчүлөрдүн тактикалык сабаттуулугун жана тажрыйбаларын жогорулатуу болуп эсептелет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР