Жаңылыктар

24.03.2025 22:15

   Кароолор: 347

ЧҮЙДӨ КУТКАРУУЧУЛАР СУУ КАПТАГАН АЙЫЛДАРДАГЫ КЫРДААЛДЫ ЖӨНГӨ САЛУУДА

Чүй облусунун Жайыл районунда аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Суусамыр айыл аймагына караштуу Кайсар айылында кокту-колоттогу карлар ээрип, көпүрөгө батпай, жолду каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине КР ӨКМдин Жайыл райондук №22 ӨКБдан 5 куткаруучу, 2 мотопомпа тартылган.

Жерине кошумча кырдаалды жоюуга Суусамыр айыл аймагынан 1 трактор тартылды. Күч каражаттардын жардамында муздар талкаланып, суунун нугу бурулуп, кырдаал жоюлду.

Ал эми Чүй районундагы Ибраимов айыл аймагынын Арпа-Тектир айылында жолдорду жана турак үйлөрдүн короолорун каптап жаткандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшүп, жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Чүй райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ саат 21:20да жерине жетишти.

Кошумча Ибраимов айылынан 1 экскаватор жана 1 трактор, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды. Техниканын жардамында суу каптоо коркунучун жою жумуштары жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу