Жаңылыктар
28.05.2025 20:45
Кароолор: 241
ЧҮЙДӨ ЭС АЛУУГА ТООГО ЧЫГЫП, БУТУН КОКУСТАТЫП ТҮШӨ АЛБАЙ КАЛГАН БАЛА КУТКАРЫЛДЫ
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылынын тоосуна эс алууга чыккан 2008-жылы туулган Б.Э. аттуу жаш бала жыгылып, бутун кокустатып алып, түшө албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, аталган жаш баланы тоодон түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалы орто.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР