Жаңылыктар
19.03.2025 15:05
Кароолор: 352
ЧҮЙДӨ АЧЫК АЯНТТА ЧЫККАН ӨРТКӨ 3 БӨЛҮМ, 28 КУТКАРУУЧУ ТАРТЫЛДЫ
Бүгүн, 19-мартта Чүй облусунун Чуй районундагы Арал айылынын жана Ысык-Ата районунун Гидростроитель айылынын ортосунда ачык аянтта куураган камыштан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жерине Токмок шаардык №21 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Чүй райондук №24 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Ысык-Ата райондук №4 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылды.
Ошондой эле жерине өрт өчүрүү иштерин координациялоо максатында ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу тартылган жана кошумча өрттү өчүрүүгө Ысык-Ата райондук №27 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, Токмок шаардык №21 ӨКБдан 19 куткаручу жана Кемин райондук №5 ӨКБдан 4 куткаруучу, жалпы 28 куткаруучу тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР