Жаңылыктар

25.03.2025 20:15

   Кароолор: 171

ЧҮЙ: ЖОЛ ЖАНА КОРООЛОРДУ СУУ КАПТАГАН АРПА-ТЕКТИР АЙЫЛЫНДА 200 м КАНАЛ ТАЗАЛАНДЫ

Чүй районундагы Ибраимов айыл аймагына караштуу Арпа-Тектир айылындагы каналдын 200 метри тазаланып, суу каптоо коркунучу жоюлду.

Белгилей кетсек, 24-мартта аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу жана катуу жаандан улам Арпа-Тектир айылында жолдорду жана турак үйлөрдүн короолорун суу каптап кеткен.

Мындан улам ӨКМдин Чүй райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ барып, жеринде абалды жөнгө салуу аракеттерин көрүшкөн.

Ошондой эле кошумча Ибраимов айылынан 1 экскаватор жана 1 трактор, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, техниканын жардамында суу каптоо коркунучун жою жумуштары жүргүзүлгөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу