Жаңылыктар

04.10.2024 15:45

   Кароолор: 650

ЧҮЙ: «ЖАШ КУТКАРУУЧУЛАР» СЫНАГЫНЫН ОБЛУСТУК ТУРУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Чүй облусунун Токмок шаарында бүгүн, 4-октябрда “5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган бир айлыктын алкагында “Жаш куткаруучулардын” облустук баскычтагы спорттук мелдеши өткөрүлдү.

ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгына караштуу Токмок шаардык жана райондук бөлүмдөр уюштурган мелдеште финалга чыккан командалар таймашы болду.

Токмок шаары жана Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондорунан келген мектеп окуучуларынан түзүлгөн 9 команда катышып, программага ылайык: “Үй тапшырмасы”, "Өрт эстафетасы", "Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү", "Капитан командалар сынагы" боюнча күч сынашты.

Мелдешке жигердүү катышкан командаларга “Ыраазычылык баракчалары, баалуу сыйлыктар, ал эми алдыңкы орунду ээлеген жеңүүчүлөр I, II, III даражадагы медалдар менен сыйланып, республикалык баскычка жолдомо алган команда I даражадагы кубокко ээ болду.

Тактап айтканда, I орунду Кемин районунун Ж.Садыков атындагы №3 орто мектеби, II орунду Сокулук районундагы З.Кайназарова атындагы орто мектеби, III орун Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы №2 мектеп гимназиясынын окуучулары багындырышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу