Жаңылыктар

04.03.2024 10:53

   Кароолор: 392

ЧҮЙ: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ТУТУМУНУН ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

ЧҮЙ: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ТУТУМУНУН ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

 

ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын 2023-жыл ичиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, 2024-жылга мерчемделген иш-пландары талкууланды.

Жыйынга Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары С. Исманов, ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Акжол Үсөн уулу, башкармалыктын өздүк курамы, облустун шаар, райондогу жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Акжол Үсөн уулу жарандык коргонуу тутумунунун 2023-жылдагы иштери боюнча баяндама жасап, анда жыл ичиндеги облус аймагындагы өзгөчө кырдаалдар жана анын кесепеттерин жоюу иштери талкууланды.

2023-жылдын жыл ичиндеги ыкчам даярдык боюнча Чүй облусунда 104 иш-чара өткөрүлүп, облустук деңгээлде 13, райондук деңгээлде 91 иш-чара уюштурулган.

Жарандык коргонуу кызматтарынын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарынын 123 кызматкери атайын окуудан өткөн.

Куткаруучулардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында, өрт кырсыгынан 7 адам, 56 мал жандыгы, 13 унаа жана 1 млрд. 74 млн. 348 миң сомдук материалдык баалуулуктар кызматкерлер тарабынан сакталып калган.

Чүй облусунда 8 объектиде суу ташкындарынан атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында дарыя жээктери бекемделип, 19 922 метр кубду түзгөн жалпы 6 230 чарчы метр узундуктагы казуу иштери жүргүзүлдү.

Ал эми материалдык-техникалык камсыздоо боюнча өткөн жылда жаңы 15 атайы унаа алынды.

Чүй облусунун аймагында табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларын аткаруу максатында, материалдык базаны жакшыртууга 2023-жылга Өнүктүрүү фондунан жалпысынан 9 888 243 сом жана жергиликтүү бюджеттен 220 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп берилди.

Отурумдун жыйынтыгында облустук ЖК кызматтарынын натыйжалуу иш алып баруусун жогорулатуу менен 2024-жылга карата пландар бекитилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу