Жаңылыктар
17.07.2026 17:51
Кароолор: 223
ЧҮЙ ЖАНА ТАЛАС ОБЛУСТАРЫНДА 6 АЙДА ӨРТ КООПСУЗДУГУН БУЗГАНДАРГА 1 МЛН СОМДОН АШЫК АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча башкармалыгы 2026-жылдын 6 айында мамлекеттик жана жеке менчик мекеме уюмдардын, социалдык объектилердин өрт коопсуздугун камсыздоо багытында 1257 текшерүү жүргүздү. Анын ичинен 949у пландуу, 10у пландан тышкары жана 298и контролдук текшерүү болду.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 8483 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, аларды жоюу боюнча 959 көрсөтмө берилди. Анын ичинен 4000 пункт аткарылып, 4483 пункт аткарылган эмес.
Өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 52 административдик протокол түзүлүп, жалпысынан 1 млн 166 миң сом айып пул салынып, анын ичинен 32 протокол боюнча 706 миң сом өндүрүлдү. Мындан тышкары, өрт гидранттарын жана суу көлмөлөрүн талаптагыдай кармабаган мекемелерге 9 протокол түзүлүп, 207 миң сом айып пул салынды.
Ошондой эле, башкармалык тарабынан 66 билдирме (уведомление) жана 40 эскертүү берилип, мамлекеттик органдарга 100 маалымат жөнөтүлдү.
Соода базарларында, оюн-зоок борборлорунда, кафе-ресторандарда жана социалдык объектилерде алдын алуу иш-чаралары күчөтүлүп, жаз-жай мезгилиндеги өрт коркунучунун алдын алуу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери жана калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Чүй облусундагы ооруканаларда, ФАПтарда, ГСВларда, мектептерде, бала бакчаларда жана башка социалдык мекемелерде өрт коопсуздук талаптарын жакшыртуу зарылдыгы белгиленип, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.