Жаңылыктар
04.12.2024 11:46
Кароолор: 1104
ЧҮЙ: ЖАЙЛООГО КЕТИП ДАЙЫНСЫЗ БОЛГОН ЖАРАНДЫ 94 АДАМ ИЗДӨӨДӨ
Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна 29-ноябрда чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан тургунду издөө иши улантылууда.
Издөө иштерине бүгүн, 4-декабрда Кемин району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, ИИМден 50 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40, жалпы 94 адам тартылды.
Мурда маалымдалгандай, 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек адам 29-ноябрда жайлоого сарайда турган досуна учурашканы барып, минип жүргөн аты кайтып келген, ал эми өзү кайрылып келген эмес. Бул боюнча маалымат "102" кызматына 1-декабрда түшкөн. ИИМ кызматкерлери тарабынан ӨКМге 2-декабрда кайрылуу болуп, ошондон бери издөө иштери улантылып жатат.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР