Жаңылыктар

02.12.2024 17:07

   Кароолор: 249

ЧҮЙ: ЖАЙЛООДО ЖОГОЛГОН ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨГӨ КОШУМЧА КҮЧ ТАРТЫЛДЫ

Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна 29-ноябрда чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп аткан тургунду издөө ишине кошумча күч тартылды.

Тактап айтканда Чоң-Кемин айыл аймагынан 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылды, ага чейин чыккан ӨКМ жана ИИМ кызматкерлери менен бирге жалпы 46 адам издеп жатышат.

Белгилей кетсек, 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек адам Жалгыз-Тал жайлоосундагы сарайда турган досуна учурашканы барып, кийин үйүнө кайрылып келген эмес, ал эми минип жүргөн аты кайтып келген.

Бул боюнча маалымат 102 кызматына 1-декбарда түшкөн, ал эми ИИМ кызматкерлери тарабынан ӨКМге бүгүн, 2-декабрда билдирилди.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу