Жаңылыктар
03.12.2024 20:30
Кароолор: 693
ЧҮЙ: ЖАЙЛООДО ЖОГОЛГОН ТУРГУНДУ ИЗДӨӨ КЕЧ КИРГЕНДИКТЕН ТОКТОТУЛДУ
Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна 29-ноябрда чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп аткан тургунду издөө иши кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду.
Издөөгө бүгүн, 3-декабрда Кемин райондук №5 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, кошумча жергиликтүү тургундардан 80 адам, 47 милиция кызматкери, жалпы 134 адам тартылган.
Белгилей кетсек, 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек адам 29-ноябрь күнү жайлоого сарайда турган досуна учурашканы барып, үйүнө аты кайтып келип, өзү кайрылып келген эмес.
Бул боюнча маалымат 102 кызматына 1-декбарда түшкөн, ИИМ кызматкерлери тарабынан ӨКМге 2-декабрда кайрылуу болгон.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР