Жаңылыктар
12.12.2024 09:56
Кароолор: 534
ЧҮЙ: ЫСЫК-АТАДА ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨР ТАКТИКАЛЫК ОКУУ ӨТКӨРДҮ
Өрт кырсыктарынын алдын алуу иш мерчеминин негизинде ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Ысык-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Ак-Сай айылынын Байбекова атындагы орто мектебинде өрт-тактикалык окуу өткөрдү.
Анда орто мектептин мугалимдерине жана окуучуларына өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өрттүн алдын алуу, тилсиз жоо катталган учурда көрүлө турган алгачкы аракеттер жана сактын чаралары тууралуу лекциялар окулду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР