Жаңылыктар

05.09.2023 11:44

   Кароолор: 777

Чүй: Турак үйдө чыккан өрттүн кесепетинен 8 жаштагы бала каза тапты

Бүгүн Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылынын Кайназарова көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 06:10до Сокулук райондук №23 ӨКБдан жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 09:59да толук өчүрүлгөн.

Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 2015-жылы туулган М.Н. аттуу бала каза тапкан.

КР ӨКМ ПРЕСС -БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу