Жаңылыктар

24.11.2024 13:36

   Кароолор: 669

ЧҮЙ: ТОКМОКТО КАТУУ ШАМАЛ МЕКТЕПТИН ЧАТЫРЫН УЧУРДУ

Чүй облусунун Токмок шаарында алдын ала маалымат боюнча болжол менен саат 11:51 чамасында Токмок шаарында ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен шамал катталып, Чүй көчөсүндө жайгашкан мектептин чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине маалыматты тактоо максатында Токмок шаардык №21 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Кыргыз гидрометтин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 24-ноябрь күнү саат 13:10го карата Токмок шаарында чыгыштан соккон ылдамдыгы секундасына 24 м/с чейин жеткен шамал катталууда.

Мындан улам ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат:

- унааңызды бак-дарактын, жарнамалык такталарынын, имараттын жанына токтотпоңуз;

- үйдүн терезелерин жабыңыз;

- элект чубалгыларынан жанына барбаңыз;

- көз айнек тагыныңыз,

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу