Жаңылыктар
20.10.2025 17:53
Кароолор: 24
ЧҮЙ, ТАЛАС ОБЛУСТАРЫНДА АЙЫЛ ӨКМӨТ ЖАНА ШААР МЭРИЯЛАРЫНА 1,6 МЛН СОМ АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Башкы прокуратура менен макулдашылган график боюнча Өрттү көзөмөлдөө кызматынын 2025-жылга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү планына ылайык, Чүй, Талас облустарындагы шаардык мэриялардын жана айыл өкмөттөрдүн өрткө каршы даярдыктары пландык жана көзөмөл текшерүүдөн өткөрүлдү.
Жыл башынан тарта Талас облусунда жалпы 16 айыл өкмөтү жана Талас шаарынын мэриясы өрт коопсуздук эрежелеринин аткарылышы боюнча текшерилген. Натыйжада эреже бузгандыгы үчүн КР Бузуулар кодексинин 143-беренесине ылайык 16 айыл өкмөткө жалпы 368 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары инспекторлор айыл өкмөттөрдүн администрациялары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ал эми Чүй облусунда 5 шаардык мэрия, 48 айыл өкмөтү текшерилип, жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жалпы көлөмү 1 миллион 288 миң сомду түзгөн 56 административдик айып салынды.
Жыйынтыгында, Чүй жана Талас облустары боюнча жалпы 72 административдик айып салынып, алардын жалпы суммасы 1 миллион 656 миң сомго жетти.
Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча башкармалыгы бардык объектилерде менчигинин түрүнө карабастан, профилактикалык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР