Жаңылыктар

26.09.2023 13:44

   Кароолор: 387

Чүй: Сокулукта окуучуларга ачык эшик күнү өтүп, атайы спорттук мелдеш уюштурулду

КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Сокулук райондук бөлүмүндө окуучулар үчүн “Ачык эшик күнү” болуп өттү. Окуучулар атайы техникалар, өрт өчүрүүчү, куткаруучу шаймандар жана кызматкерлердин бир күндүк иш күнү менен таанышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга “Коопсуз мектеп” темасында ачык сабак өткөрүлүп, балдардын суроолорун жооп берилди. Ошондой эле “кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата бир айлыктын алкагында райондогу мектептер арасында “Жаш куткаруучу” аталышында өрт колдонмо спорттук мелдеши өткөрүлдү.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр грамота жана башка белектер менен сыйланышып, облустук мелдешке жолдомо алышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу