Жаңылыктар
28.09.2023 18:02
Кароолор: 320
Чүй: Сокулук районунда командалык штабдык машыгуу өттү
27-сентябрда Чүй облусунун аймагында командалык штабдын машыгуусу болуп, анын жүрүшүндө ӨКМдин адистери жер титирөөнүн кесепеттерин чалгындоо, жоюу, өрт кырсыктарын өчүрүү жана жабыркаган жарандарды эвакуциялоо, жол кырсыгында жабыркаган жаранды унаадан чыгаруу иштери жүргүзүштү.
Машыгуулар КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамыркановдун жетекчилиги менен жана Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Самат Исмановдун катышуусунда уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты – Чүй облусунун Жарандык коргонуу кызматтарынын табигый кырсыктарга жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын текшерүү, анын кесепеттерин жоюу, уюштуруунун ырааттуулугун камсыздоо боюнча тиешелүү кызматтардын практикалык жөндөмдөрүн жогорулатуу болуп саналат.
Машыгуу эки этапка бөлүнүп, жер титирөөнүн кесепеттерин чалгындоодон тарта куткаруу жана башка иштерди ыкчам уюштурууга, мобилдик штабды даярдоого, калктын коопсуздугун жана социалдык инфраструктураны коргоого көңүл бурулуп, эвакуациялоо, медициналык жардам көрсөтүүнү жол-жобосу практикаланды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР