Жаңылыктар

13.11.2024 18:37

   Кароолор: 142

ЧҮЙ: ШОПОКОВ ШААРЫНДАГЫ ИШКАНАДАН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ

Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Биринчи Май көчөсүндө жайгашкан темирди кайра иштетүүчү ишканадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 13:20да №23 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, саат 13:58де чектөөгө алынып, 15:35те толук өчүрүлдү.

Алдын ала маалыматка ылайык, ишкананын темир эритүүчү казаны жарылып, анын тегерегиндеги таштандылар күйгөн.

Кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу