Жаңылыктар
01.11.2024 17:53
Кароолор: 378
ЧҮЙ: ШАЙЛОО ТИЛКЕЛЕРИНИН ӨРТ КООПСУЗДУГУНА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын Жайыл райондук жана Кара-Балта шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган аймактардагы шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча текшерүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Анда шайлоо тилкелери жайгашкан имараттын жооптуу адистерине жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана кырсыктардын алдын алуу, электр жабдууларын кылдат пайдалануу, өрт өчүрүүчү шаймандарды туура колдонуу боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Белгилей кетсек, 17-ноябрь республика боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү. Жайыл району боюнча 49 добуш берүү тилкеси, Кара-Балта шаарында 17 шайлоо тилкеси бар. Ал күнү ар бир тилкеде бирден өрттү көзөмөлдөө кызматкер нөөмөткө чыгат. Анын негизги милдети — шайлоону коопсуз өткөрүү жана катышуучуларга жардам көрсөтүү.
Добуш берүү учурунда өрт коопсуздук эрежелерин сактоо бул - жалпы коопсуздук үчүн өтө маанилүү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР