Жаңылыктар

08.04.2024 12:07

   Кароолор: 318

ЧҮЙ: СЕЛ ӨТҮҮЧҮ КАНАЛДАРДЫН ЖЭЭГИ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Рот-Фронт айылындагы “Ажыдаар” сел өтүүчү каналынын 2000 метр нугу тазаланып, жээктерин бекемдөө иштери аяктады.

Натыйжада жалпысынан 60 турак жай, көпүрө жана 50 гектар айдоо жер сел алып кетүү коркунучунан корголду.

Жээкти бекемдөө ишине ӨКМдин оор техникасы тартылып, алдыда иш планга ылайык Сокулук, Жайыл, Аламүдүн райондорунда жалпысынан 6960 метр сел өтүүчү каналдардын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу