Жаңылыктар

15.09.2023 16:00

   Кароолор: 449

Чүй: Панфиловдо кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата жөө жүрүш өттү

Кечээ КР ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын Панфилов району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу биздин колубузда!” урааны астында жөө жүрүш өткөрүштү.

Иш-чарага өздүк курам менен кошо мектеп окуучулары, мугалимдер, медицина кызматкерлери жана катардагы жарандар катышты.

Соңунда окуучуларга “Коопсуз мектеп” темасында ачык сабак өтүштү. Сабакта кырсык учурунда өзүн-өзү алып жүрүү, эвакуациялоо, техногендик мүнөздөгү кырсыктардын алдын алуу жана башка коопсуздук эрежелери тууралуу айтып беришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу