Жаңылыктар
10.08.2025 22:07
Кароолор: 202
ЧҮЙ: ОРТО-АРЫКТАГЫ ТООДОН ЧЫККАН ИРИ ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮ ЭРТЕҢ УЛАНТЫЛАТ
Бүгүн, 10-август күнү Чүй облусунун Панфилов районунда тоодогу өрттү өчүрүү иши кеч киргендигине жана тоонун боорунан таштар кулап, кооптуу болгондугуна байланыштуу саат 21:45те токтотулду.
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлү менен өрттү ооздуктоо жана өчүрүү иштери 9-августтан бери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө Мамлекеттик аңчылык чарбасынан 4 кызматкер, айыл аймактан 2 кызматкер, жалпы 6 адам жеринде нөөмөттө калган. Өрттүн болжолдуу аянты 100 гектарды түздү. Эртең, 11-август күнү да өчүрүү иштери улантылат.
Бүгүн ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары полковник Ч.Боскунчиевдин жетекчилигинде ыкчам топ, жалпы 46 адам тартылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР