Жаңылыктар

02.04.2024 17:40

   Кароолор: 285

ЧҮЙ: ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН КҮЖҮРМӨН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

Бүгүн, ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Москва райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ак-Суу айылында жайгашкан Биринчи май орто мектебинде өрт-тактикалык сабак өткөрүлдү.

Сабактын жүрүшүндө өрт өчүрүү бөлүктөрүн өрт болгон жерге жөнөтүүсү, алардын келүү убактысы, өрт өчүрүү жана куткаруу иштерин уюштуруу эрежелери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлдү.

Машыгуунун жүрушундө имараттан мугалимдер менен окуучулар эвакуацияланып, өрт өчүрүү убагында кандай аракеттерди жасоо керектигин практикада көрсөтүп беришти.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн даярдыгынын алкагында мугалимдер менен окуучулар өрт коопсуздук эрежелери боюнча кеңири маалымат алышты.

Иш-чаранын эң башкы максаты өздүк курамдын өрт өчүрүүдө болгон билим денгээлин жогорулатуу, өрт-техникалык каражаттар жана өрткө каршы жабдуулар менен иштөөнүн, өрттүн келип чыгышын алдын алуу, өздүк курамдын өрттү өчүрүүдөгү практикалык билим деңгээлин жакшыртуу болуп саналат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу