Жаңылыктар
19.11.2024 18:06
Кароолор: 156
ЧҮЙ: ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ ЖАНА КУТКАРУУЧУЛАР АВТОШАТЫ МЕНЕН БИЙИК ИМАРАТКА ЧЫГУУ БОЮНЧА МАШЫГЫШТЫ
ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Токмок шаардык жана райондогу бөлүмдөрүнүн өздүк курамы автошаты менен бийик имараттарга чыгуу боюнча атайын окуудан өтүштү.
Бул иш-чаранын негизги максаты – өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын кесипкөйлүгүн жана психикалык даярдыгын жогорулатуу, ошондой эле ар кандай кырдаалдарда даярдыктарын күчөтүү болуп саналат.
Окуу учурунда куткаруучулар автошатынын жардамы менен бийик имараттарга чыгуу, жарандарды куткаруу жана өрт өчүрүү боюнча практикалык машыгуулардан өтүштү.
Мындай иш-чаралар жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн абдан маанилүү болуп, кызматкерлердин күнүмдүк ишинде чоң тажрыйба берет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР