Жаңылыктар

02.11.2023 11:04

   Кароолор: 1212

ЧҮЙ: ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТООНУ ЭСКЕРТИШТИ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Токмок шаардык жана райондук бөлүмдөрү өрттүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин ишке ашырууда.

Күз-кыш мезгилдеринде өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча облус аймагындагы шаар жана айылдарда үймө-үй кыдырып, өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ага ылайык, кызматкерлер жарандарга өрт коопсуздугу тууралуу маалымат баракчаларын таркатууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу