Жаңылыктар
28.04.2025 14:22
Кароолор: 232
ЧҮЙ: ОФИЦЕРЛЕР АРАСЫНДАГЫ ФУТБОЛДУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ
КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын офицердик курамынын физикалык даярдыгын жогорулатуу, ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоого үндөө максатында өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн офицерлери арасында кичи футбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Анда 1-орунду Ысык-Ата райондук жана Кант шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн офицерлери, 2-орунду Чүй облустук башкармалыгынын офицерлери, 3-орунду Жайыл району жана Кара-Балта шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери ээледи.
Жыйынтыгында мыкты оюнчулар жана байгелүү орундарга ээ болгон командалар кубок, громата, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР