Жаңылыктар
30.08.2025 16:50
Кароолор: 267
ЧҮЙ ОБЛУСУНДАГЫ ТОО БЕТИНДЕГИ ӨРТТҮ 177 АДАМ ӨЧҮРҮҮДӨ
Бүгүн таңкы саат 8:30га карата Чүй облусунун Панфилов районунун Орто-Арык айылындагы тоо бетинде өрттү өчүрүү иштерин улантуу үчүн ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басарынын жетекчилигинде 59 куткаруучу, токой кызматынан 118 кызматкер, жалпы 177 адам чыгышты.
Алсак тоо бетиндеги ири өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Чүй башкармалыгына караштуу райондордун куткаруучулары, өлкө аймагындагы Токой кызматына караштуу 15 токой чарбасынын токойчулары катышууда.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 17-августунда Берт-Булак, Куржылга, Көгөн капчыгайларында кургак чөптөн тилсиз жоо чыгып, өрттү өчүрүү иштери жүрүп жаткан. Министр, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен өрт өчүрүүчүлөр көбөйтүлүп, кечээ 100 адам тоо бетинде нөөмөткө калышкан.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР