Жаңылыктар

24.04.2024 18:01

   Кароолор: 292

ЧҮЙ ОБЛУСУНДА СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИ ЖОЮЛУУДА

Кечээ Чүй облусунун тоолуу райондорунун айрым аймактарында сел жүрдү. Алсак, Чүй районунун Онбир-Жылга айылындагы Карагул капчыгайында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен суу каптаган.

Табигый кубулуштан калк арасында жабыркагандар жок. Учурда абал туруктуу, суу каптаган аймактарда 1 фронталдык жүктөгүч жана 2 экскаватор иштеп жатат.

Мындан сырткары Бурана дарыясындагы суу өз деңгээлинен көтөрүлгөн. Жаңы-Жол жана Ак-Бешим айылдары арыктарды бир нече жолу тазалап, көпүрөнүн айланасын ирээтке келтиришти.

Сел кесепеттерин жоюу үчүн Чүй облусунун айыл өкмөттөрүнүн жана райондук администрацияларынын техникалары тартылган. Бул иштерге ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери да активдүү катышууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу