Жаңылыктар
16.04.2025 17:14
Кароолор: 276
ЧҮЙ ОБЛУСУНДА АЙМАКТАРДЫ СЕЛДЕН КОРГОО ИШ-ЧАРАЛАРЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ
Чүй облусу боюнча азыркы тапта сел кырсыктарынан коргоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 2025-жылга карата жаз-жай мезгилиндеги жаан-чачында сел сууларын коопсуз жана тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бекитилген “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чаралары мерчеминин негизинде 15 объект коргоого алынат.
Муну менен катар 189 турак жай, 2 мектеп, 4 сарай, 433 га айдоо жер, 1 көпүрө, ЛЭП, 1 жатакана, 1 көрүстөн, ички унаа жолдор, таза суу дарбазасы, мамлекеттик резиденциясы сел сууларынан корголмокчу.
Бүгүнкү күндө 6 объектиде коргоо иш-чаралары толук жүргүзүлүп, 1 объектиде иш улантылууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР