Жаңылыктар

09.07.2026 20:37

   Кароолор: 16

ЧҮЙ ОБЛУСУ: КӨЛ-ТӨР КӨЛҮНДӨ КООПСУЗДУК ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

2026-жылдын 9-июль күнү Чүй райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Чүй районунун Султан Ибраимов айыл аймагындагы Кегети капчыгайында жайгашкан Көл-Төр көлүндө алдын алуу жана коопсуздук иш-чаралары жүргүзүлдү.

Буга чейин, 2026-жылдын 7-июлунда жүргүзүлгөн жеринде текшерүүнүн жүрүшүндө көлдүн суусунун деңгээли көтөрүлгөнү аныкталган. Ошондой эле 2025-жылы орнотулган гофраланган «Корсис» түтүктөрүнүн ажырап, чачылып калганы белгилүү болгон.

Көлдүн суусу ашып чыгып, агын суунун жер кыртышын жууп кетүүсүнүн жана көлдүн жээгинин бузулуу коркунучун алдын алуу максатында куткаруучулар түтүктөрдү кайрадан чогултушту. Натыйжада көлдөн ашкан суу түтүктөр аркылуу коопсуз түрдө төмөн карай агызылды.

Жүргүзүлгөн иштер көлдүн абалын туруктуу көзөмөлдөп турууга жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга багытталган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу