Жаңылыктар
06.09.2024 15:37
Кароолор: 425
ЧҮЙ: МУНАЙ ЗАТ САКТАЛУУЧУ ЖАЙДА МАШЫГУУ ӨТТҮ
Бүгүн, 6-сентябрь күнү ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан мерчемделген иш-планга ылайык, Токмок шаарында жайгашкан “Альфа-Ойл” мунай зат базасында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Атайы сценарийге ылайык базадагы чоң цистернадан өрт чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө “Алфа-Ойл” ЖЧКсынан бир өрт өчүрүүчү унаа күжүрмөн эсеби менен Чүй райондук ӨКБдан 2 өрт өчүрүүчү унаа өздүк курамы менен тартылды.
Жардамга Токмок шаардык №21 Өрткө каршы бөлүмүнөн 1 автошаты, 1 автонасостук станция, 1 КамАЗ үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү унаа келди.
Ошондой эле медицина кызматынан 1 бригада тартылган.
Цистернада күйүүчү-майлоочу майлар болгондуктан өрт өчүрүүчү техникалардын жардамы менен жалынды көбүк колдонуу менен өчүрүштү.
Соңунда кызматкерлерге өрт коопсуздук эрежелери боюнча нускама өткөрүлүп, өрт өчүрүүчү шаймандар менен тааныштырылып, практикалык түрдө колдонулуп түшүндүрүлдү.
Мындай өңүттөгү машыгуулар квартал сайын өткөрүлүп келет. Башкы максат өрт өчүрүүчүлөрдүн тактикалык сабаттуулугун жана тажрыйбаларын жогорулатуу болуп эсептелет.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР