Жаңылыктар

20.09.2024 14:04

   Кароолор: 511

ЧҮЙ: МЕКТЕПТЕРДЕ “АЧЫК ЭШИК КҮНҮ” УЮШТУРУЛУП, КООПСУЗДУК САБАКТАРЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Кечээ, 19-сентябрда ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын Жайыл райондук, Кара-балта шаардык бөлүмдөрүнүн куткаруучулары «Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чаралар» планынын алкагында Кара-Балтадагы №2 орто мектептин окуучуларына “Ачык эшик күнүн” уюштурду.

Куткаруучулар окуучуларга бөлүмдүн ишмердүүлүгү, өрт өчүрүүчү жана куткаруучу автотехникалар, жабдык, шаймандар менен тааныштырды.

Лицей окуучуларына кызыктуу экскурсия уюштуруп, ишинин өзгөчөлүктөрүн жана шаймандардын үлгүлөрүн, мүмкүнчүлүктөрү тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрүн айтып берип, жеткинчектерди мекенчил болууга чакырды.

Ошондой эле бул күнү облустагы Кемин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери Орловка шаарындагы №2 орто мектебинде окуучуларга коопсуздук сабагын өтүштү.

Аталган орто мектептин окуучулары күттүрбөй келген кырсыктарды алдын алуу жана ыкчам аракеттерди жасоого, мекеменин курамын эвакуациялоону, өрт өчүрүүчү шаймандарды колдонууну үйрөнүштү.

Жеткинчектерге турмуш тиричилик коопсуздугу менен бирге, жер титирөө, суу ташкыны, өрт коопсуздугу жаралган учурунда өзүн алып жүрүү боюнча көрсөтмөлөр берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу