Жаңылыктар

22.05.2024 09:11

   Кароолор: 337

ЧҮЙ: ЛЕНИН АЙЫЛЫНДА ӨРТ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЧҮРҮЛГӨН

Бүгүн Аламүдүн районунун Ленин айылындагы Алма-Ата көчөсүндөгү жеке турак жай күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө Аламүдүн райондук ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп саат 6:30да чыккан.

Жеринде жалындын көлөмү чоң болуп, жанындагы үйлөргө жайылтпоо үчүн жардамга дагы бир эсеп жөнөтүлгөн.

Өрт өчүрүүчүлөр саат 7:17де чектөөгө алып, саат 08:11де толук өчүрүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен турак жай менен жанаша жайгашкан сарайдын 160 чарчы метр аянты күйгөн.

Бактыга жараша жабыркагандар жок. Учурда кырсыктын себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу