Жаңылыктар
07.06.2025 12:40
Кароолор: 195
ЧҮЙ: КУТКАРУУЧУЛАРДЫН КҮЖҮРМӨН ДАЯРДЫГЫНА БАА БЕРИЛДИ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын райондук жана Токмок, Кант шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн 2025-жылдын кышкы окуу мезгилинин жыйынтыгы боюнча күжүрмөн жана атайын даярдык абалы текшерилди.
Мындай текшерүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилигинин буйругун аткаруу максатында, ошондой эле ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын негизги иш-чаралар планына ылайык жүргүзүлдү.
Баалоонун жүрүшүндө өздүк курамдын өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатуу, куткаруу кызматтарынын ыкчам аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана кызматкерлердин кесиптик даярдыгын күчөтүү жагына басым жасалды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР