Жаңылыктар

28.05.2025 10:50

   Кароолор: 280

ЧҮЙ: КУТКАРУУЧУЛАР ЖОГОЛГОН ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨНҮ ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ

Чүй облусунун Жайыл районунда 28 жаштагы дайынсыз болуп жаткан жаранды Көкөмерен дарыясынан издөөгө бүгүн, 28-май күнү саат 06:40та Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 8 куткаруучу, 1 дрон тартылды.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 19-май күнү болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып, кайырмагы суунун жээгинен табылып өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар бир аптадан ашык убактан бери издөөнү үзгүлтүксүз улантууда.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу