Жаңылыктар
27.09.2024 16:12
Кароолор: 214
ЧҮЙ: КУТКАРУУЧУЛАР ОКУУЧУЛАРГА МЕКЕНДИ СҮЙҮҮГӨ ЧАКЫРЫК САЛЫШТЫ
ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунда бүгүн куткаруучулар Чүй облусунун Москва районундагы орто билим берүү мекемелери менен бирге Жарандык коргонуу боюнча ачык сабактарды өткөрүштү.
Ошондой эле окуучулар менен кырсыктын тобокелчилигин азайтуу жана өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча “Ачык эшиктер күнүн” белгилешти.
Максаты – билим берүү мекемелеринин куткаруучулар менен тыгыз иш алып баруусун өркүндөтүү, мектеп окуучуларына өзгөчө кырдаалдын алдын алууга үйрөтүү жана мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР