Жаңылыктар
05.08.2024 16:21
Кароолор: 253
ЧҮЙ: КӨЛ-ТӨР КӨЛҮ КӨЗӨМӨЛДӨ... СУУНУ АЗАЙТУУ ҮЧҮН СИФОН ЫКМАСЫ КОЛДОНУЛДУ
Чүй районунун Кегети айыл аймагына тиешелүү Кегети капчыгайында деңиз деңгээлинен 2725 метр бийиктиктеги Көл-Төр көлүнүн деңгээлин азайтыш үчүн куткаруучулар 2 күн катары менен сифон ыкмасында 150-диаметр гофро түтүктөрүн 3 катар орнотушту.
Тактап айтканда кечээ, куткаруучулар 130 метрлик суу түтүгүнөн экини орнотушуп, көл суусун азайтууда өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөттү.
Эске салсак, мөңгүнүн ээрүүсүнөн жана жаанчыл болгондуктан, Көл-Төрдүн суусу көбөйүп, табигый дамбасынан ашып ага баштаган. Бирок, дамба эрозияга учураган эмес жана кооптуулугу байкалган жок
Мындагы абалды коопсуздандыруу, көзөмөлдөө жана сифон ыкмасында суу түтүгүн орнотуу үчүн 3-августта куткаруучулар Кегетиге чыгышкан. Бул күнү алар 138 метр түтүк орнотушкан.
Ал эми көлдүн абалын текшерүүгө, изилдөөгө Өзгөчө кырдаалдарга божомолдоо жана мониторинг жүргүзүү департаментинен 2 кызматкер, коопсуздандыруу иштерине ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын 24 куткаруучу жеринде иштешти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР