Жаңылыктар

02.12.2024 16:44

   Кароолор: 206

ЧҮЙ: КЕМИНДЕ ЖАЙЛООГО КЕТИП ДАЙЫНСЫЗ БОЛГОН ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынын тургуну, 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек киши Жалгыз-Тал жайлоосуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп атканы тууралуу маалымат 102ге кечээ түшкөн. Ал эми ӨКМге ИИМ кызматкерлери тарабынан билдирүү бүгүн түштү.

Алдын ала маалыматтар боюнча аталган жаран сарайда турган досуна учурашканы барып, кийин үйүнө кайрылып келген эмес, ал эми минип жүргөн аты кайтып келген.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Кемин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Кемин райондук ички иштер бөлүмүнөн 7 кызматкер тартылып, жалпы 11 адам издөө иштерине чыгышты. Издөө аракеттери учурда улантылууда.

Кошумча маалыматтар берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу