Жаңылыктар
14.12.2024 11:03
Кароолор: 316
ЧҮЙ: “КЕМИН ГЛОБУС” СООДА КОМПЛЕКСИНДЕ ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ТАЖРЫЙБАСЫ СЫНАЛДЫ
ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Кемин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кемин шаарында жайгашкан “Кемин Глобус” соода комплексинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгууга бир өрт өчүрүүчү унаа өздүк курамы менен тартылды.
Иш-чаранын алкагында имараттын ичиндеги элдер эвакуацияланып, өрт өчүрүү убагында кандай аракеттерди жасоо керектиги практика жүзүндө көрсөтүлүп берилди.
Машыгуунун башкы максаты - өздүк курамдын өрт өчүрүүдө болгон билим деңгээлин жогорулатуу, өрт-техникалык каражаттары жана өрткө каршы жабдуулар менен иштөөнүн ыкмаларын мыкты өздөштүрүү жана кырсыкка каршы күрөшүүдөгү аракеттерин баалоо.
Мындай машыгуулар тилсиз жоонунун келип чыгуусун алдын алуу жана болтурбоо максатында байма-бай өткөрүлүп келет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР