Жаңылыктар

24.11.2024 15:20

   Кароолор: 607

ЧҮЙ: КАТУУ ШАМАЛ МЕКТЕПТИН 240 Ч.М. ЧАТЫРЫН УЧУРГАН

Бүгүн, 2024-жылдын 24-ноябрь күнү болжол менен саат 11:51 чамасында Токмок шаарында катуу шамал катталган. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20-26 метрге чейин жетип, натыйжада Чүй көчөсүндө жайгашкан А.Осмонов атындагы орто мектептин 240 чарчы метр темир тунике менен жабылган чатырын учуруп кеткен.

Жерине шаардык жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, келтирилген зыянды аныктоо боюнча иштер аткарылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу