Жаңылыктар

20.05.2024 12:26

   Кароолор: 470

ЧҮЙ: КАРА-СУУ СУУ САКТАГЫЧЫНДА СУУ КАПТОО КООПТУУЛУГУ ЖОЮЛДУ

Кечээ,19-майда Жайыл районундагы Кара-Суу суу сактагычын көзөмөлгө алууга, кесепеттерин жоюуга Кара-Балта шаардык жана Жайыл райондук ӨКБдан 4 куткаруучу жеринде иш алып барууда.

Сары-Коо айыл аймагына караштуу Кара-Суу суу сактагычына Кара-Балта суусу кирип, деңгээли көтөрүлгөн. Мындан улам Кара-Суу айылын каптоо кооптуулугу жаралган. Учурда 110 түтүн 876 адам жашайт.

Андыктан дамбанын жээктерин бекемдөөгө, суу агуучу арыкты тереңдетип казуу иштерине, ӨКМден 1 экскаватор, Суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 оор техника, ЖТИден 1 оор техника иштеди.

Өз мезгилинде канал тереңдетилип, тазаланып, айылды суу каптоо жоюлду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу