Жаңылыктар

27.09.2024 15:22

   Кароолор: 194

ЧҮЙ: КАНТТА ЖАШ ӨРТ КУТКАРУУЧУЛАРДЫН СПОРТТУК МЕЛДЕШИ ӨТТҮ

ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын Ысык-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү “5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата Канттагы мектептер арасында жаш куткаруучулардын спорттук мелдеши уюштурулду.

Анын максаты - жаштарды патриоттуулукка, мекенчилдикке тарбиялап, шамдагайлыгын арттырып, күтүлбөгөн ар кандай кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.

Жогорку класстын окуучулары катышкан мелдешке Кант шаарынын мэриясынын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, мугалимдер, мектеп окуучулары жана ӨКМ кызматкерлери күбө болушту.

Байгеге шаар мэриясынын кубогу, облустук мелдешке жолдомо, диплом, медаль жана башка баалуу белектер коюлган.

Оюндун жүрүшүндө окуучулар өз мектептеринин командаларын кызуу колдоп турушту.

Жыйынтыгында №2 мектеп гимназиясынын командасы жеңүүчү деп табылып, облустук таймашка жолдомо алды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу