Жаңылыктар
16.02.2024 15:01
Кароолор: 806
ЧҮЙ: КАНАЛГА ТУШҮП КЕТТИ ДЕЛГЕН ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ
ЧҮЙ: КАНАЛГА ТУШҮП КЕТТИ ДЕЛГЕН ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ
Бүгүн Чоң Чүй каналынан 18 жаштагы Ж.кызы А. изделүүдө.
Издеп-куткаруу иштерине ӨКМдин Ысык-Ата райондук бөлүмүнөн 10 куткаруучу тартылды. Буга кошумча анын жакындарынан 15 киши, ИИМдин 10 кызматкери куткаруу иштерине чыгышты. Жалпы 35 адам аталган жаранды издешүүдө.
Эскерте кетсек, кечээ Кант шаарынын тургуну сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшүп, издөө иштерине 4 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана 4 тууганы чыккан. Издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес. Кошумча малымат берилет.