Жаңылыктар
23.07.2026 21:01
Кароолор: 225
ЧҮЙ ДАРЫЯСЫНДА ЖЭЭК БЕКЕМДӨӨ ИШТЕРИ МАСШТАБДУУ ЖҮРҮҮДӨ
Анын жүрүшүн министр Канатбек Чыныбаев текшерди.
Бүгүн, Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорундагы Чу дарыясынын жээгинде жүргүзүлүп жаткан жээк бекемдөө иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Иш сапардын алкагында министр аткарылып жаткан жумуштардын сапатын, курулуштун жүрүшүн жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын текшерип, жооптуу кызматтарга иштерди өз убагында жана талаптагыдай сапатта бүтүрүүнү тапшырды.
2026-жылдын башында Чу дарыясынын 4 тилкесинде жалпы узундугу 1720 метр болгон жээк бекемдөө иштерин жүргүзүү пландалган. Кийинчерээк өлкө башчысынын тапшырмасынын негизинде узундугу 5500 метрди түзгөн дагы 5 тилке кошумча планга киргизилген. Натыйжада, быйыл жалпы узундугу 7220 метрди түзгөн 9 тилкеде жээк бекемдөө иштерин жүргүзүү каралган.
Бүгүнкү күндө пландалган 1720 метр узундуктагы 4 тилкеде жээк бекемдөө иштери толугу менен аяктап, учурда 5500 метрди түзгөн 5 тилкеде курулуш иштери белгиленген графикке ылайык ийгиликтүү уланууда.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Чу дарыясынын 4 тилкесинде жалпы узундугу 3052 метр болгон жээк бекемдөө иштери аткарылган.