Жаңылыктар
15.04.2025 15:04
Кароолор: 1148
ЧҮЙ: ЧУ, КАРА-БАЛТА, АК-СУУ ДАРЫЯЛАРЫНЫН ЖЭЭКТЕРИНЕ 2180 КӨЧӨТ ОТУРГУЗУЛДУ
Чүй облусунун Кемин, Чүй, Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунан агып өткөн Чу дарыясынын, Жайыл районундагы Кара-Балта дарыясынын жана Москва районундагы Ак-Суу дарыяларынын жээктерин эрозиядан сактоо максатында 2,28 га аянтка жалпы 2180 даана терек, кара-жыгач, турпан көчөттөрү отургузулду.
Көчөттөр Президент Садыр Жапаров демилгелеген “Жашыл Мурас” программасынын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан алынып, райондук ӨК бөлүмдөрү жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери менен биргеликте отургузулду, ошондой эле айланасын тосуу, сугаруу иш-чаралары жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылынан 500 даана турпан көчөттөрү алынып келинип, кошумча отургузулду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР