Жаңылыктар

19.03.2025 17:20

   Кароолор: 174

ЧҮЙ: АРАЛ АЙЫЛЫНДАГЫ КАМЫШ ТОКОЙДО ЧЫККАН ӨРТ ЧЕКТЕЛДИ

Чүй облусунун Чуй районуна караштуу Арал айылынын жана Ысык-Ата районунун Гидростроитель айылынын ортосунда ачык аянтта куураган камыштан чыккан өрт саат 17:07де чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө жерине Токмок шаардык №21 ӨКБдан 1 бөлүм, Чүй райондук №24 ӨКБдан 1 бөлүм, Ысык-Ата райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылган.

Ошондой эле жерине өрт өчүрүү иштерин координациялоо максатында Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу тартылган жана кошумча өрттү өчүрүүгө Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 5 куткаруучу, Токмок шаардык №21 ӨКБдан 19 куткаручу жана Кемин райондук №5 ӨКБдан 4 куткаруучу, жалпы 28 куткаруучу тартылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу