Жаңылыктар

30.09.2023 09:51

   Кароолор: 302

Чүй: Алдыңкыларга кубок ыйгарылып, жолдомо алышты

Бүгүн, “5-октябрь – кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган бир айлыктын алкагында “Жаш куткаруучулардын” спорттук мелдеши Чүй облусунун Токмок шаарында өткөрүлдү.

ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгына караштуу Токмок шаардык жана райондук бөлүмдөр уюштурган мелдеште финалга чыккан командалар таймашы болду.

Мелдешке жигердүү катышкан командаларга ыраазылык баракчалары, ал эми алдыңкы орунду ээлеген жеңүүчүлөр I, II, III даражадагы кубоктор менен сыйланып, аталган мелдештин республикалык баскычына жолдомо алды.

Тактап айтканда, I орунду Ысык-Ата району Кант шаарындагы №1 мектеп гимназиясы, II орунду, Кемин районундагы М.Кашаганов атындагы орто мектеби, III орун Токмок шаарыындагы №1 мектеп гимназиясынын окуучулары багындырышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу