Жаңылыктар

17.01.2024 09:50

   Кароолор: 1388

ЧҮЙ: АЛАМҮДҮН КОКТУСУНДА ЖОГОЛГОН ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨГӨ КУТКАРУУЧУЛАР ЧЫГЫШТЫ

17-январь күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 24 куткаруучусу

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө тартылды.

ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун Тоо куткаруучуларынан турган "Эдельвейс" кошуунунун 7 куткаруучусу шаймандары менен жана кинолог атайы ит менен, Чүй облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде 1 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун адиси дрон менен, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 6, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 5, Чүй жана Жайыл райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2 жалпы 24 куткаруучу саат 07:00дө издөө ишине чыгышты.

Алдын ала маалымат боюнча 2024-жылдын 14-январь күнү, Чүй облусунун Аламүдүн коктусунда (Тёплые ключи) 1996-ж.т. М.М уулу дайынсыз болгон.

Издөө ишинин жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу